Кубанычбек Самаков жана Чынгыз Капаров №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталышты
18 августа 2023
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 18-августагы жыйынында 2023-жылдын 10-сентябрында ѳтүүчү кайра шайлоодо №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталуу ниети жѳнүндѳ мурда арыз беришкен жарандарды каттоо тууралуу маселени карады. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону ѳткѳрүүдѳ талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундусун эске алып, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоодо Самаков Кубанычбек Карганбековичти жана Капаров Чынгыз Капаровичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жѳнүндѳ чечим кабыл алды.