«АЯЛДАР – ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРДИН ДЕПУТАТТАРЫ АРАКЕТТЕ» КОНКУРСУНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ
15 августа 2023
2023-жылдын 15-августунда комиссия «Аялдар – жергиликтүү кеңештердин депутаттары аракетте» конкурсунун алкагында онлайн-добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы «Борбордук Азиядагы жергиликтүү башкаруу академиясы» мекемеси ѳткѳргѳн конкурстун уюштуруучуларынын бири болгондугун эсиңерге салабыз.
Бардыгы болуп конкурска 39 практик келип түштү. Тандап алуу этабынын жүрүшүндѳ аялдар-жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан келип түшкѳн 19 практик тандап алынган жана Кыргыз Республикасынын мыкты ЖӨАБ практиги порталына жайгаштырылган.
2023-жылдын 1-августунда онлайн-добуш берүү башталды, ага 2013 адам катышты жана болгону 6 практик 50дѳн ашык добуш алышты.
Онлайн-добуш берүүнүн натыйжасында тѳмѳндѳгү 5 ийгиликтүү практик «Аялдар – жергиликтүү кеңештердин депутаттары аракетте» конкурсунун жеңүүчүлѳрү болуп таанылды:
522 добуш: «Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу», автору: Винара Эпээва, Сары-Булуң АК, Тогуз-Торо району, Жалал-Абад обулусу.
2. 466 добуш: «Эрте нике ден – соолукка зыян», автору: Нургүл Курманалиева, Кара-Суу АК, Талас району, Талас обулусу.
3. 279 добуш: «№76 “ Эркин Кыргызстан” орто мектебинин чатырын алмаштыруу», автору: Гулмайрам Жанболотова, Нариман АК, Кара-Суу району, Ош обулусу.
4. 268 добуш: «Сөздөн – ишке», автору: Кенжегүл Бектемирова,
Мин-Булак АК, Нарын району, Нарын обулусу.
5. 202 добуш: «Көпөлөк” мектепке чейинки билим берүү уюмуна инвестиция тартуу менен бакчанын инфраструктурасын түптөө», автору: Салимахан Караева, Кара-Дарыя АК, Сузак району, Жалал-Абад облусу.
Жеңүүчүлѳргѳ грамоталарды жана сыйлыктарды тапшыруу 2023-жылдын 8-сентябрында жыл сайын ѳтүүчү Аймактар форумунда болот.
