Токтокучук Мамытов «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылды
15 августа 2023
Токтокучук Мамытов «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкелердин тизмесинен чыгарылды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 15-августагы жыйынында Мамытов Токтокучук Болотбековичти «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкелердин тизмесинен чыгаруу тууралуу чечим кабыл алды.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына талапкер Мамытов Токтокучук Болотбековичтен келип түшкѳн арыздын негизинде кабыл алынды.