№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу аяктады

13 августа 2023

Календардык планга ылайык 2023-жылдын 13-августунда 18.00 саатта №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Р6еспубликасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу аяктады.

Бардыгы болуп №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Р6еспубликасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышууга 34 талапкер ниеттерин билдиришкен. Алардын ичинен каттоо үчүн документтердин толук пакетин 26 талапкер беришти.

2023-жылдын 13-августундагы абал боюнча:

11 талапкер катталган;

1 талапкер каттоодон баш тарткан;

2 талапкер шайлоого катышуудан баш тартышкан;

15 талапкерлердин каттоо үчүн берилген документтери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону ѳткѳрүүдѳ талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун кароосунда турат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесине ылайык талапкерлерди каттоо 2023-жылдын 20-августунда аяктай тургандыгын белгилѳѳ зарыл.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү бардык талапкерлерди каттоо мѳѳнѳтү аяктаган күндѳн, башкача айтканда 2023-жылдын 21-августунан тартып башталат.