5 жаран №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер болуп катталды
11 августа 2023
БШК №26 2023-жылдын 10-сентябрында ѳтѳ турган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер болуп Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү ниети жѳнүндѳ мурда тийиштүү арыздарын беришкен жарандарды каттоо жѳнүндѳ маселени карады.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону ѳткѳрүүдѳ талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундусун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы тѳмѳндѳгү талапкерлерди №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер кылып каттоо тууралуу чечимин кабыл алды:
- Кадыралиева Ыргал Кармышаковнаны;
- Сооронбаева Нургул Момуновнаны;
- Тагаев Русланбек Таштанбековичти;
- Шаршембиев Бакыта Нурджановичти;
- Эсенаманов Мурат Кубановичти.
Ошондой эле №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына талапкерликке кѳрсѳтүлгѳн Осмоналиева Ханзада Исаковнанын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы канаатандырылды.
