Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалды

09 августа 2023

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруй айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоосу дайындалды.

Шайлоо Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарынын ыйгарым ду уктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу өткөрүлөт жана 2023-жылдын 8-октябрына, жекшембиге дайындалды.

Жарлыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына төмөнкүлөр тапшырылды:

 

– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун;

– убактылуу регламенттөө жана башка зарыл болгон чараларды көрүү менен аралыктан добуш берүү формаларын, жабдуулардын модернизацияланган түрлөрүн колдонууну пилоттук режимде апробациялоо мүмкүнчүлүгүн карасын.

 

Ошондой эле тапшырылды:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине:

– шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлсүн;

– шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;

– электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен автоматтык түрдө жүктөп алуу жолу менен шайлоочулардын тизмелерин түзүү боюнча чараларды көрсүн;

– маалыматтык системалардын киберкоопсуздугун камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтсүн;

– пилоттук апробациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечимдерине ылайык шайлоочуларды идентификациялоо программаларын өркүндөтүү боюнча чараларды көрсүн;

– добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысына:

- шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин түзүү жана тактоо, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана тиешелүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына:

- жогоруда аталган кеңештин документтеринин, материалдарынын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.