ЖӨАБнын МЫКТЫ ПРАКТИКАСЫ ҮЧҮН ДОБУШ БЕР!
08 августа 2023
Кѳңүл буруңуз! «АЯЛДАР - ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРДИН ДЕПУТАТТАРЫ АРАКЕТТЕ» конкурсунун кийинки этабы башталды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы «Борбордук Азиядагы жергиликтүү башкаруу академиясы» мекемеси ѳткѳрүп жаткан конкурстын уюштуруучуларынын бири болуп саналарын эске салабыз.
Тандап алуу этабынын жүрүшүндѳ аялдардан – жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан келип түшкѳн 19 практика тандап алынган жана Кыргыз Республикасынын ЖӨАБнын мыкты практикасы порталына жайгаштырлган.
!!! Конкурстун жеңүүчүсүн онлайн-длобуш берүү аныктайт.
Мыктылары сонун приздерге ээ болушат:
•I орун – ГАГСМСУ ардак грамотасы жана ноутбук,
•II орун – ГАГСМСУ ардак грамотасы жана үч түрү бирѳѳсүндѳгү МФУ (принтер, сканер жана кѳчүрмѳ жасоочу жабдуу),
• III орунга – ГАГСМСУ ардак грамотасы жана планшет,
•кызыктыруучу приздер:
o «Муниципалитет» журналына 1 жылдык акысыз жазылуу.
o АМУЦА 1-курсунда окууга сертификат
o «Муниципальная служба в вопросах и ответах» жыйнагы жана башкалар.
2023-жылдын 1-августунда аялдардын – жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын арасында жүзѳгѳ ашырылган практикалардын мыкты мисалы үчүн онлайн-душ берүү башталган. Онлайн-добуш берүү 2023-жылдын 12-августунун 15.00 чейин узартылат.
Барыңыздарды добуш берүүгѳ, биздин аялдардын – жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын демилгесин колдоого активдүү катышууга чакырабыз.
https://myktyaimak.gov.kg/single-news?lang=kg&id=480 шилтемеси боюнча
конкурска катышкан аял депутаттардын практикалары менен таанышып, добуш берсе болот.
Эскертүү иретинде: Порталдын катталган пайдалануучулары гана ѳзүнүн практикасы, ѳзүнүн муниципалитетинин практикасы же аларга жаккан башка практикалар үчүн добуш бере алат (катталган 1 пайдалануучу 1 мисал үчүн бир жолу добуш бере алат). Онлайн-добуш берүүгѳ верификация жол-жоболорунан ѳткѳн, белгиненген тартипте катталган пайдалануучу кардарлар базасынын администраторунун WhatsApp номерине билдирүү жѳнѳтүү жолу менен катыша алат.
!!! Конкурс жѳнүндѳ ТОЛУК МААЛЫМАТ алуу үчүн https://myktyaimak.gov.kg/lg-help/investment-projects/investment-project?lang=ru&id=21 шилтемесинен ѳтүү аркылуу конкурс жѳнүндѳ жобо менен таанышууну Сизден ѳтѳ суранабыз.