КР БШКнын жумушчу тобу Ж.Абировдун арызын карайт

28 июля 2023

КР БШКга «Строй Ленд» ЖЧКсынын директору Абиров Жаныбек Болотбековичтен  Бишкектеги No26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышуу ниети тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Арызды карап чыгуу жана мыйзамга ылайыктуулугун текшерүү үчүн документтерди кабыл алуу жумушчу тобуна  берилди. Текшерүүнүн  жыйынтыгы боюнча жумушчу топ өз сунуштарын КР БШКнын отурумуна киргизет.