№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунун 51 шайлоо участогунда шайлоочулардын алдын ала тизмелери илинди.
26 июля 2023
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо боюнча шайлоочулардын алдын ала тизмеси №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунун 51 шайлоо участогунда жайгаштырылган.
2023-жылдын 25-июлунан тартып 30-августуна (кошуп) чейинки мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүздү тактоого болот:
- 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
- “tizme.gov.kg” сайтында;
- шайлоо участогунда;
- өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) 119 номерине СМС-билдирүү аркылуу жөнөтүү менен, Сиздин шайлоо участогуңуздун дареги жана номери тууралуу жооп аласыз (СМС жөнөтүү жана чалуулар акысыз).
Ошондай эле арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтындагы “Шайлоочулар кабинети” сервиси аркылуу тапшырса болот.
Биометрикалык каттоодон өтөпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ-ЦОН) бул жол-жободон өтө алышат.




