Алтынбек Кубатбеков БШКнын жаңы мүчөсү болду
16 июня 2023
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы токтому менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳсүнүн бошогон кызмат ордуна Алтынбек Кубатбеков шайланды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 16-июнундагы жыйынында Алтынбек Кубатбеков КР БШК мүчѳлѳрүнѳ жана аппартынын кызматкерлерине тааныштырылды. Комиссиянын тѳрагасы Н, Шайлдабекова комиссиянын жаңы мүчѳсүнѳ ишинде ийгиликтерди каалады.
Өмүр баяны:
1981-жылдын 4-декабрында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Бек-Абад айылында туулган.
1998-жылы Жалал-Абад шаарындагы «Себат» кыргыз-түрк лицейин бүтүргѳн. Мектепти аяктагандан кийин, ошол эле жылы милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы КР ИИМ академиясына окууга ѳткѳн. Экинчи жогорку билимди «экономист» кесиптиги боюнча Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (КМУ) алган.
Эмгек жолу:
1998-2015-жылдары ички иштер органдарында ар түрдүү кызмат орундарын ээлеген, катардагы тергѳѳчүдѳн баштап бѳлүмдүн начальнигине чейинки кызматтарды ѳтѳгѳн.
Аскердик наамы – милициянын полковниги.
2016-жылы КР Жогорку Кеңешинин сунуштамасы боюнча КР судяларын тандоо боюнча Кеңештин курамына шайланган, Кеңештин мүчѳсү катары иштеп турган.
Мамлекеттик жана ведомстволук бир катар сыйлыктарга ээ.
Алардын ичинен: КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасын, КР ички иштер министрлигинин «Азамат-3 даража» медалын, КР судяларын тандоо боюнча Кеңештин Ардак грамотасын алган.
Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун ардактуу жараны.