КР БШКнын 2023-жылы 16 - июнь өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

16 июня 2023

Өткөрүү датасы: 16-июнь 2023-ж.

Убактысы: 17:00

Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы

 

1. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Ыкчам чара көрүү координациялык топко түшкөн маалыматтар, сигналдар жана аларга карата көрүлгөн чаралар тууралуу

(баяндамачы – Т. Шайназаров, КР БШК төрагасынын орун басары, Ыкчам чара көрүү координациялык топтун жетекчиси)

 

2. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

 

3. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын аткарылышы тууралуу маалымат жөнүндө

(баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмүнүн башчысы)

 

4. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддоруна каражаттардын келип түшүшү жана чыгымдалышы тууралуу Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматы жөнүндө

(баяндамачы – И. Гайпкулов, КР БШК мүчөсү, КТТ жетекчиси)

 

5. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан таапкерлердин шайлоо күрөөсү тууралуу Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматы жөнүндө

(баяндамачы – И. Гайпкулов, КР БШК мүчөсү, КТТ жетекчиси)

 

6. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Таш-Көмүр, Чаткал, Сузак, Токтогул, Базар-Коргон, Жумгал, Тоң, Ысык-Көл жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

 

7. Ар кандай маселелер