Ленин шайлоо округу боюнчаЖогорку Кеңештин депутатын шайлоонун натыйжалары даттануу жол-жобосу аяктагандан кийин белгилүү болот

14 июня 2023

Негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы округдук шайлоокомиссиясынын протоколунун маалыматтарынын негизинде добуш берилген күндѳн тартып 13 календардык күндѳн кечиктирбестен (2023-жылдын 11-июнуна чейин) округ боюнча шайлоонун натыйжаларын белгилейт.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу чечимдерди кабыл алууда бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары  милдеттүү тартипте шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ бузуулар жѳнүндѳ келиптүшкѳн бардык даттанууларды (арыздарды) карапчыгат жана ар бир даттануу (арыз) боюнча чечимкабыл алат.

2023-жылдын 5-июнунда Борбордук шайлоокомиссиясы келип түшкѳн материалдардын жана арыздардын негизинде №26 Ленин бир мандаттуушайлоо округу боюнча Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.А. Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарды жана ал боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп тааныды.

2023-жылдын 9-июнунда соттук тартипте талапкердин даттануусу боюнча Бишкек шаарынын Административдик соту аталган Борбордук шайлоокомиссиясынын 2023-жылдын 5-июнундагы №123 чечимин күчүндѳ калтырды.

2023-жылдын 12-июнунда талапкер Бишкек шаарынын Административдик сотунун чечимине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кассациалык даттануу берген.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 45-беренесинин 7,9-беренелерине ылайык:

Ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө кассациялык даттануусунун берилиши, Борбордук шайлоо комиссиясынын биринчи инстанциядагы соттун чечимин аткаруусун токтото турат.

Райондук (шаардык) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине даттануу көзөмөлгө алуу тартибинде Жогорку сотко келип түшкөн күндөн тартып, 5 календардык күндүн ичинде каралат.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонуннатыйжалары талапкер Д.А. Ниязалиеванын даттануусуна Жогорку сот тарабынан чечим чыгарылгандан кийин белгилүү болот.

 

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруунун, ошондой эле натыйжаларын белгилѳѳнүн тартиби жана мѳѳнѳтү жѳнүндѳ шилтеме боюнча кѳрсѳ болот.