БШК №26 Ленин шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлер Д.А. Ниязалиева менен У.А. Сариевдин каттоосун жокко чыгарды

07 июня 2023

2023-жылдын 5-июнунда Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында депутаттыкка талапкерлер Д.А. Ниязалиева менен У.А. Сариевге карата укук коргоо органдарынын маалыматын угулду. Укук коргоо органдарынын кылмыш иши боюнча сунуш кылган маалыматтарын, баяндамаларын кароонун жана талкуулоонун натыйжасы боюнча жогоруда аталган депутаттыкка талапкерлердин каттоосу жокко чыгарылды.

Д.А. Ниязалиевага карата 2023-жылдын 29-майында БШКнын Ыкчам таасир этүүчү координациялык тобуна болжолу депутаттыкка талапкер Д. Ниязалиеванын агитатор менен телефондо сүйлѳшүүлѳрү чагылдырылган видеожазуу келип түшкѳн, ал токтоосуз түрдѳ текшерүү үчүн укук коргоо органдарына жѳнѳтүлгѳн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча КР ИИМден кылмыш иши боюнча маалымат жана депутаттыкка талапкер Д. Ниязалиеваны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча сунуштама келип түшкѳн.

Аудиожазууга таяануу менен талапкер Д. Ниязалиеваны шайлоодон алып салуу жѳнүндѳ ѳтүнүч менен КР ЖК депутаттыгына талапкер Т.М. Айдаралиева, КР ЖК депутаттыгына талапкер А.К. Касымалиевдин ыйгарым укуктуу ѳкүлү Т.М. Айдаралиев кайрылышкан. Ошондой эле БШКга “Алга” саясий партиясынын мүчѳсү М. Нарматовдон арыз келип түшкѳн, ал Д.А. Ниязалиева тарабынан бузуулардын болгондугуна таянуу менен 5 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну суранган.

Аталган маселе боюнча БШКнын жыйынында Бишкек шаарынын ИИББ тергѳѳ кызматынын начальнигинин орун басары Ч.А. Майлыбековдун, Бишкек шаарынын прокуратурасынын прокурору Ж.А. Мурзалиевдин маалдыматтары угулду, алар тергѳѳ-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Д.А. Ниязалиеванын пайдасына шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысын тастыктаган жетиштүү далилдер топтолгонун, шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жакын тууганынын, агитатордун катыштыгы бар экендиги аныкталгандыгын маалымадашты.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогороку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” КР КМ 46-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 7-пунктуна ылайык талапкердин, анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, ишенимдүү адамдарынын, байкоочулардын, ошондой эле жакын туугандарынын шайлоочуларды сатып алуу же ага катышуу, же ушул конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленген бузууларга катышуу фактылары далилденгенде талапкердин каттоосу жокко чыгарылат.

Жогоруда талган конституциялык мыйзамдын 37-беренесинин 4-1-бѳлүгүнѳ ылайык “Эгерде шайлоолорго даярдануу, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө учурунда талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербеген бузуулар орун алса, же шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөтүлсө, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп таанууга укуктуу” (мындай бузууларга шайлоочулдардын добуштарын сатып алуу кирет).

Ошентип укук коргоо органдарынын маалыматтарын угуп жана талкуулап, БШКнын мүчѳлѳрү тарабынан КР ЖКнын депутаттыгына талапкерлер Д.А. Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгаруу, талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Бишкек шаарынын ИИББсынын сунуштамасын канааттандыруу, ошондой эле талапкер боюнча добуш берүүнүн натыйжаларын анык эмес деп таануу тууралуу чечим бир добуштан кабыл алынды.

2023-жылдын 31-майында депутаттыкка талапкер У.А. Сариев боюнча тѳмѳндѳгүдѳй бир катар бузуулар боюнча аталган талапкерге карата кылмыш иши козголгондугу жѳнүндѳ Бишкек шаарынын УКМК ББдан маалымат келип түшкѳн:

  1. жыргалчылыкты түзѳм деп убада берүү менен аны ачык жарыя кылуу аркылуу шайлоочулардын добуштарын сатып алуу;
  2. муниципалдык кызматчыны жана аймактык коомдук башкаруунун кызматкерин үгүт жүргүзүүгѳ тартуу менен административдик ресурстарды кыянатчылык менен пайдалануу;
  3. ѳзүнүн шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоодо шайлоо фондусунун каражаттарынан тышкары акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5% ашыгын түзгѳн башка акча каражаттарын пайдалануу
  4. добуш берген күнү шайлоо участкасына шайлоочуларды туруктуу ташып келүү.

 

Жыйында Бишкек шаарынын УКМК ББнын маалыматы, ошондой эле БШКнын кѳзѳмѳлдѳѳ8чү-текшерүү тобунун корутундусу угулду, кѳрсѳтүлгѳн маалыматтарды текшерүүдѳ шайлоо фондусунан акча каражаттарын чыгымдоо боюнча бузуулар белгилүү болду. Маселен, 25 000 сом (5,1%) шайлоо фондунан тышкары талапкердин шайлоо алдындагы штабы үчүн орун-жайды ижирага алууга сарпталган.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогороку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” КР КМ 46-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 3-пунктуна ылайык өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда бул талапкердин каттоосун жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.

Талкуулоонун натыйжасында БШК мүчѳлѳрү тарабынан депутаттыкка талапкер У.А. Сариевдин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим бир добуштан кабыл алынды.

 

Маалымат иретинде: жыйынды түз алып кѳрсѳтүүнү https://www.youtube.com/watch?v=gn0YElj_sfs шилтемеси боюнча кѳрсѳ болот.