Эл аралык байкоочулар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышты

28 мая 2023

2023-жылдын 28-майында Казакстандын «Ак Жол» Демократиялык партиясынын (КДП) делегациясы No26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык байкоочу катары Кыргыз Республикасына келди жана Кыргыз Республикасынын шайлоо процессинин тажрыйбасы менен жакындан таанышып, изилдөө жүргүздү.

КР БШКнын төрагасынын орун басары Н.Койчукеев, БШКнын мүчөлөрү А.Дубанбаева, А.Жумалиева, А.Жупуева жана У.Жылкыбаев Казакстандын «Ак жол» демократиялык партиясынын (КДП) делегациясы менен жолугушту.

Жолугушууда “Ак жол” партиясынын өкүлдөрүнө КР Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу маалымат берилип, КР шайлоо системасында колдонулуп жаткан технологиялар тууралуу кеңири маалымат берилди.

Делегациянын жетекчиси М.Крыкбаев КР БШКнын жетекчилигине мөөнөтүнөн мурда шайлоолорго мониторинг жүргүзүүгө катышууга чакыргандыгы жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Ак жол” партиясынын өкүлдөрү бир катар шайлоо участкаларында болушуп, добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүп, шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоочу жабдуулар, добуш берүү учурунда автоматташтырылган башкаруу системаларынын иштөө принциптери менен түздөн-түз таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.