БШКда жаш жарандын мектеби ѳткѳрүлдү

19 мая 2023

2023-жылдын 17-майынан 19-майына чейин КР БШКнын Жарандык билим берүү борбору Шайлоо системаларынын эл аралык фонду (IFES) менен биргеликте жаштар үчүн Жаш атуул мектебин өткөрдү.
Кыргызстандын жаш жарандары келечектеги шайлоочулар, ошондуктан аларга  шайлоого жоопкерчиликтүү, аң-сезимдүү мамилени калыптандыруу маанилүү. Республика боюнча бардык шайлоочулардын тизмесинин түзүмүндө жаш шайлоочулардын (18-29 жаштагылар) үлүшү 32%ды же  1201533 адамды түзөт. Тилекке каршы, акыркы жылдары жаштардын шайлоого катышуусу азайганы байкалууда.

Шайлоого катышуу жана добуш берүү аркылуу жаштар мамлекеттин өнүгүшүнө таасир эте алышат. Бул жаштарды тартуунун көптөгөн формаларынын бири болгону менен, алар үчүн өздөрүн таанытуу жана аларга жана алардын жамааттарына тиешелүү маселелерге таасир этүүнүн күчтүү жолу. Ошондой эле катышуунун башка формалары үчүн баштапкы кадам катары кызмат кыла алат.

18-29 жаш – бул  улуу үмүттөрдүн, мүмкүнчүлүктөрдүн жана жетишкендиктердин курагы. Үмүттүн жана чечкиндүүлүктүн айкалышы өлкөдөгү азыркы кырдаалды бүгүн - эртең өзгөртүүгө жаштар жана бүтүндөй коом үчүн узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаш шайлоочуларга жаштардын чечим кабыл алуу процессине катышуусу жана бүгүнкү жана эртеңки саясатты түзүүдө өз үнүн болушу эмне үчүн маанилүү экендиги айтылды. Анткени, жаштардын муктаждыктарын эске алган туруктуу жана тынч коомду куруу үчүн алардын шайлоого инклюзивдүү катышуусу абдан маанилүү.
Жаш атуул мектебинин үч күндүк программасы кызыктуу өттү. Катышуучуларга мамлекеттик башкаруу системасы, адам жана жарандык укуктар жөнүндө билимдерден тышкары, шайлоонун ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылган шайлоо технологияларынын иштеши көрсөтүлүп, добуш берүү процедурасын симуляциялоо жүргүзүлдү.
Ошондой эле, ЖЖМ катышуучулары Жогорку Кеңештин пленардык жыйынына барууга, парламенттин ишмердүүлүгү жана тарыхы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Жаштар депутат Э.Көкулов менен жолугушуп, анда жигиттер шайлоо жана инсандык өнүгүү боюнча кызыккан суроолорун беришти.

Ошондой эле, жаштар Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгү, шайлоо жана шайлоолор аралык мезгилдеги иштердин өзгөчөлүктөрү менен таанышты.

Иш-чаранын аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

сурөттөр

 

КР БШКнын маалымат бөлүмү