БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрдү

19 мая 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2023-жылдын 18-майындагы жыйынында Ат-Башы, Панфилов, Сокулук, Ноокат, Лейлек жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу,  2 шаардык жана 4 айылдык кеңештеги жергиликтүү кеңештин сегиз депутататтарынын, бош калган мандаттарын өткөрүп берүү жөнүндөгү чечимдерин бекитти. Ошондой эле, талапкерлердин катталган тизмесинен 2 талапкерди чыгаруу чечимин колдоду.

Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди:

  • Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайынды айылдык кеңешинен Бейшеков Аскар Асылбековичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты -  Муханбет уулу Анарбекке берилди.
  • Чүй облусунун Кайыңды шаардык кеңешинин «Күчтүү Коом» парламенттик фракциясынан Тилек Жамалбекович Курманалиевдин мандаты  Жапаров Алмаз Эркиновичке берилди.
  • Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айылдык кеңешинен Хурушанов Ислам Хусанбаевичдин мандаты Джанибеков Жунайдулло Михибиловичке өткөрүлүп берилди.
  • Ош облусунун Ноокат районундагы Бел айылдык кеңешинен - Сатинбаев Манас Сатинбаевичтин мандаты Жоробай уулу Ажымамаматка берилди.
  • Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айылдык кеңешинен Орозкулов Пахридин Шамшидинович, Журабаева Гульнура Нейматиллаевна, Шакирова Айгүл Файзибаевнанын уктуктары токтотулуп, алардын мандаттары: Абдуллаев Сайфулла Хусановичке, Сейитова Айсалкын Жолматовнага, Туратова Алтынга өткөрүлүп берилди.
  • Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин «Ата Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Максат Кубанычбеков Мадаминовдун мандаты Худайбердиев Жалил Сражидиновичке өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле, Панфилов жана Лейлек аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен 2 талапкерди жеке арызынын негизинде чыгаруу жөнүндө токтом кабыл алынды:

  • Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаардык кеңешинин «Күчтүү коом» фракциясынан Трубачев Василий Ивановичти.
  • Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айылдык кеңешинен -  Вахидов Уткиржон Юсупжоновичти.

 

БШКнын маалымат бөлүмү