Эки талапкер № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө өз арызын чакыртып алды
15 мая 2023
Төмөнкү эки талапкер № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө буга чейин берген өз арыздарын чакыртып алышты:
- Кадралиев Асылбек Мэлсович (талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берген датасы: 2.05.2023ж.)
- Медеров Азамат Медерович (талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берген датасы: 4.05.2023ж.)
2023-жылдын 15-майына карата № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 30 талапкер катышууда.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
