Бишкек шаарынын Ленин районундагы шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү

13 мая 2023

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоо участкаларынын имараттарынын даректерин өзгөртүү жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын  сунушунун негизинде, №1013, №1033, 1035 жана №1062 шайлоо участокторунун  даректери өзгөртүлдү:

 

Жаңы шайлоо участокторунун даректери:

 

1. Бишкек шаарынын Ленин районунун №1033 шайлоо участкасынын дареги Эр-Тайлак №75 көчөсүндөгү орто мектеп №79 имаратынан, Бадахшан көчөсү №2/1Б дарегиндеги №97 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Бишкек шаарынын Ленин районунун №1035 шайлоо участкасынын дареги Жайыл Баатыр №66 көчөсүндөгү «Газпром» дене-тарбия ден-соолукту чыңдоо комплекс имаратынан, Эр-Тайлак көчөсү №75 дарегиндеги №79 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

3. Бишкек шаарынын Ленин районунун №1062 шайлоо участкасынын дареги Жайыл Баатыр №66 көчөсүндөгү «Газпром» дене-тарбия ден-соолукту чыңдоо комплекс имаратынан, Кара-Коо көчөсү №118 дарегиндеги №93 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

4. Бишкек шаарынын Ленин районунун №1013 шайлоо участкасынын дареги Кайназарова көчөсү №30 Ветеринардык башкарма имаратынан, Месарош көчөсү №1 дарегиндеги №50-орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

 

Шайлоо участкаларынын жайгашкан даректерин https://shailoo.gov.kg/kg/map/ шилтеме аркылуу КР БШК расмий сайтынан же болбосо 1255 кыска номуруна чалып билсеңиздер болот.

 

КР БШК маалымат бѳлүмү