Кыргыз Республиканын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин 9-май - Жеңиш майрамы менен куттуктоосу
09 мая 2023
Ардактуу ардагерлер, ооруктун эмгекчилери! Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Кыргыз Республиканын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктайт!
Ыйык Жеңиш күнү бүткүл адамзат үчүн тагдыр чечүүчү ролду ойноду. Ошондуктан Улуу Жеңиш миллиондогон бүткүл дүйнѳ элинин башын бириктирген, тынчтыктын символу катары ыйык майрамга айланды.
Жеңиш Күнү - бул эркиндик менен кѳз карансыздык үчүн күрѳштѳ биздин жеңилбес эркибиздин, майталыбас каармандыктын, биримдик менен баатырдыктын символу.
Ата Мекен үчүн шейит кеткендер эч качан унутулбайт! Улуу Ата Мекендик согуштун бардык катышуучуларына, ооруктун күжүрмѳн эмгекчилерине Ата Журттун эртеңки келечеги үчүн жасаган эрдиктери жана күжүрмѳн эмгеги үчүн башыбызды ийип таазим кылабыз.
Майрамыңыздар куттуу болсун, урматтуу кыргызстандыктар!
Касиеттүү жерибизде, бүткүл дүйнѳдѳ ар дайым тынчтык болсун, бейпилчилик жылоолосун!