КР ЖКнын депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу аяктады

01 мая 2023

2023-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого №26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 30-апрелинде 18.00 саатта аяктады.

Өзүн кѳрсѳтүү жѳнүндѳ бардыгы болуп 49 талапкер арыз берген, каттоо үчүн документтердин толук пакетин 32 талапкер беришти (27 – эркек, 5 – аял).

2023-жылдын 30-апрелиндеги абал боюнча:

-5 талапкер катталды (4 –эркек, 1- аял);

- 8 талапкер катышуудан баш тартуу боюнча арыз беришти;

- 9 талапкер каттоо үчүн документтердин толук пакетин беришкен жок.

27 талапкердин документтери азыркы учурда мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүсү каралып жатат.

Конституциялык Мыйзамдын 49, 61-беренелерине ылайык талапкерлерди каттоо 2023-жылдын 7-майында аяктайт.

Конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык бардык талапкерлерди каттоо мѳѳнѳтү аяктаган күндѳн тартып шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү башталат, б.а. 2023-жылдын 8-майынан тартып.