БШКнын делегациясы Өзбекстан Республикасынын референдумунунда мониторингге катышат
30 апреля 2023
БШКнын тѳрагасы Н.Шайлдабекова башында турган, БШКнын мүчѳлѳрү А.Дубанбаева, И.Гайпкулов, БШК аппаратынын жетекчиси М.Мамбеталиев, Жумгал жана Кочкор АШК атайын ѳкүлү Т. Акимбаев жана Жети-Өгүз АШК тѳрагасы Н. Алымбаев кирген БШКнын делегациясы «Өзбекстан Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ» Өзбекстан Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору боюнча Өзбекстан Республикасынын рефрендумуна мониторингге катышууда.
Рефрендумдун алдында КР БШКнын делегациясы менен Өзбекстан Республикасынын БШК тѳрагасы З.Низамходжаевдин жолугушусу болду, анын жүрүшүндѳ ал КР БШКнын тѳрагасы Н. Шайлдабекованы жана делегация мүчѳлѳрүн жеке катышып жатышкандыктары жана бардык шайлоолордун жүрүшүндѳ дайыма колдоо кѳрсѳткѳндүктѳрү үчүн ыраазычылык билдирди.
Өзбекстан Республикасынын БШК тѳрагасы З.Низамходжаев делегация мүчѳлѳрүнѳ рефрендумду даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшү жѳнүндѳ, Өзбекстан Республикасынын Конституциянын долбоору, шайлоо комиссияларынын иштеши, эл аралык байкоочулардун катышуусу тууралуу тааныштырды.
Өз кезегинде Н. Шайлдабекова бардык чѳйрѳдѳ ѳз ара мамилелерди жана кызматташууну бекемдѳѳ үчүн мыкты негиз болуп саналган эки мамлекеттин башчыларынын, ѳкмѳт башчыларынын деңгээлиндеги саясий диалогдун бийик деңгээли жѳнүндѳ белгиледи.
Референдум – бул мамлекеттик коомдук ѳнүгүүнүн маанилүү маселелери боюнча эл ѳз эркин билдирген маанилүү коомдук-саясий иш чара. Узак коомдук талкуулоонун жүрүшүндѳ Конституциялык мыйзамдын долбоору боюнча ѳтѳ кѳп сандагы сунуштардын жана түзѳтүүлѳрдүн келиптүшүшү жарандардын Өзбекстандын андан аркы ѳнүгүүсүнүн маанилүү маселелерин бийлик менен натыйжалуу ѳз ара аракетте чечүүгѳ кызыктар экендигин айгинелейт.
КР БШК тѳрагасы Н. Шайлдабекова Өзбекстандын келечектеги прогрессинин укуктук негзидерни түзүүдѳ кесиптештеринин күч-аракеттерин колдой тургандыгын билдирип, кабыл алынган документ алдыга коюлган максаттарга жетерине ишенгендигин билдирди.
Байкоочулар мыйзамдын талаптарын сактоо жана жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашыруу боюнча зарыл шарттар бѳлүгүндѳ добуш берүү процессине мониторинг алкагында бир катар шайлоо участкаларында болушуп, добуш берүү күнү башталганда участкалардын ачылышына катышты.
Өзбекстанда референдумга мониторингге Азербайджандын, Беларустун, Казахстандын, Кыргызстандын, Молдованын, Россия Федерациясынын жана Таджикистандын БШК тѳрагалары катышты. Ошондой эле Армениянын, Венгриянын, Грузиянын, Литванын, Малайзиянын, Монголиянын, Туркменистандын жана Туркиянын шайлоо комиссияларынын ѳкүлдѳрү да катышты.
Өзбекстан БШК БДИПЧ ОБСЕ, Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнѳлүк ассоциациясын, Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясын кошуп алганда чет мамлекеттерден жана уюмдардан байкоочуларды аккредитациялаган.

















