ЖАШ ЖАРАНДЫН МЕКТЕБИ! Бишкек шаарындагы №24 мектеп-гимназиясында шайлоо технологияларын пайдалануу менен мектептеги окуучулардын ѳзүн ѳзү башкаруусунун Президентин шайлоо болуп ѳттү

30 апреля 2023

КР БШКнын жарандык билим берүү борбору Бишкек шаарындагы №24 мектеп-гимназиясынын жетекчилигинин чакыруусу боюнча мектептеги окуучулардын ѳзүн ѳзү башкаруусунун - шайлоо технологияларын пайдалануу менен «Ачык Асман» мектеп республикасынын Президентин шайлоону ѳткѳрүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳттү.

Мектептеги окуучулардын ѳзүн ѳзү башкаруусунун Президентигине талапкер болуп тѳмѳндѳгү 4 окуучу катталды:

1. КАЙРАТОВ КАНАТ КАЙРАТОВИЧ
2. РАХАТБЕКОВ ЭМИР БЕКНАЗАРОВИЧ
3. ДМИТРИЕВ КИРИЛЛ ДМИТРИЕВИЧ
4. БОЛОТБЕК САНИРАБИЙГА

 

Бир ай бою мектептерде үгүт жүргүзүү болду, талапкерлер «Ачык Асман» Мектеп Республикасын ѳнүктүрүү боюнча ѳздѳрүнүн программаларын сунуш кылышты.

Мектептин жетекчилигинин жана окуучулардын ичинен мектептин шайлоо комиссиясы түзүлдү. Алар үчүн КР БШКнын Жарандык билим берүү борбору тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, протоколдор жана тест бюллетендер боюнча атайын эскертме иштелип чыккан. Мектепте добуш берүүнүн жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун колдонуудагы жол-жоболоруна ѳтѳ жакын иштелип чыккан.

Добуш берүү 2023-жылдын 28-апрелинде саат 10.00дѳн 15.00 чейин болуп ѳттү. Шайлоочуларды идентификациялоо электрондук күндѳлүк аркылуу ѳткѳрүлдү. «Ачык Асман» Мектеп Республикасынын шайлоочуларынын тизмесине 7-11-класстардын окуучулары жана окутуучу курам – 1769 шайлоочу (алардын ичинен 1573 – окуучулар, 196мугалимдер) киргизилген. Алардын ичинен 914 шайлоочу (52%): 880 окуучу (окуучулардын тизмесине киригизилген сандын 56%), 34 мугалим (мугалимдердин тизмесине киргизилген сандын 17%) катышты.

 

 

Мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун – “Ачык Асман” Мектеп Республикасынын Президетин шайлоо жѳнүндѳ” протоколго ылайык:

Шайлоочулдардын тизмесине киргизилген шайлоочулдардын жалпы саны 1769 шайлоочуну түзгѳн.

2023-жылдын 28-апрелинде Мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун – “Ачык Асман” Мектеп Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүгѳ катышкан шайлоочулардын саны – 914, бул шайлоочулдардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын жалпы санынын 51,7 % түзѳт.

Мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун Президентинин кызмат ордуна талапкер Кайратов Канат Кайратович 196 добуш алган, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 21,4 % түзѳт.

Мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун Президентинин кызмат ордуна талапкер Рахатбеков Эмир Бекназарович 349добуш алган, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 38,2 % түзѳт.

Мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун Президентинин кызмат ордуна талапкер Дмитриев Кирилл Дмитриевич 216добуш алган, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 23,6 % түзѳт.

Мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун Президентинин кызмат ордуна талапкер Болотбек Санирабийга 134 добуш алган, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 14,7 % түзѳт.

Баарына каршы” позициясы үчүн 9 шайлоочу добуш берген, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,98 % түзѳт.

 

Мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун – “Ачык Асман” Мектеп Республикасынын Президетин шайлоодо добуш берүүнүн натыйжасы боюнча Рахатбеков Эмир Бекназарович шайланды.