КР БШКнын 2023-жылы 13 - апрелде өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
13 апреля 2023
Өткөрүү датасы: 13.04.2023-ж.
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Өзгөн, Каракол, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Нарын, Кочкор. Ысык-Ата, Токмок. Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Камбаров Мирлан Адилбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – М.Д. Кожокеева, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун мүчөсү)
3. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Мокейчук Роман Александровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – М.Д. Кожокеева, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун мүчөсү)
4. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Абдылдаев Азат Шералиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – М.Д. Кожокеева, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун мүчөсү)
5. Ар түрдүү маселелер