Самаркандек айылдык кеңешинин шайлоо участкаларында пилоттук режимде шайлоочуларды идентификациялоонун модернизацияланган жабдуусу колдонулууда

09 апреля 2023

Баткен районундагы Самаркандек айылдык кеңешинин 5 шайлоо участкаларында пилоттук режимде шайлоочуларды идентификациялоонун модернизацияланган жабдуусу колдонулууда.

Идентификациялоонун модернизацияланган жабдуусу бир эле учурда тѳмѳнкү функцияларды ѳзүнѳ камтыйт:

- паспорттун MRZ-зонасын окуп таанууну;

-колдун манжаларынын тактарын сканирлѳѳнү;

- ѳң-түздүн геометриясы боюнча идентификациялоо үчүн камераны;

- биометрикалык идентификация жол-жоболорунан ийгиликтүү ѳткѳндѳн кийин тийиштүү шайлоо округунда шайлоо бюллетендерин басып чыгарууну.

Азыркы учурда аталган функциялар ѳз-ѳзүнчѳ бүтүндѳй жабдуу комплекси аркылуу аткарылууда.

Келечекте шайлоо бюллетендерин басып чыгаруу мүңмкүнчүлүгү менен идентификациялоонун мындай жабдуусун пайдалануу биометрикалык идентификация жол-жоболорунан ийгиликтүү ѳтүшкѳн шайлоочулардын санына жараша бюллетендердин керектүү санын гана даярдоо басмаканада шайлоо бюллетендерин даярдоону үнѳмдѳѳгѳ кѳмѳктѳшүшү мүмкүн.

Мурда БШК тарабынан Самаркандек айылдык кеңешинин №8059, №8058 №8060, №8186, №8087 - 5 шайлоо участкаларын шайлоочуларды идентификациялоонун модернизацияланган жабдуусун пилоттук режимде апробациялоо үчүн участкалар деп белгилѳѳ тууралуу чечим кабыл алынган.