БШК жарандарды добуш берүүгѳ катышууга жана жергиликтүү кеңештерге ѳздѳрүнүн ѳкүлдѳрүн шайлоого, шайлоолордо жарандык позициясын кѳрсѳтүүгѳ чакырат.

09 апреля 2023

Бүгүн 2023-жылдын 9-апрелинде Баткен, Талас, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңешинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо ѳткѳрүлүп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды шайлоолордо ѳздѳрүнүн жарандык позициясын билдирүүгѳ чакырыт.

Маалымат иретинде:

Жергиликтүү кеңеш – бул жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органы, анын ыйгарым укуктары тийиштүү аймакка жайылтылат.

Жергиликтүү кеңеш 4 жылдык мѳѳнѳткѳ шайланат жана жергиликтүү маанидеги мына мындай маселелер үчүн жооп берет:

  • Аймакты экономикалык ѳнүктүрүү;

  • Муниципалдык менчикти башкаруу;

  • Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана канализациянын иштешин камсыз кылуу;

  • Жолдордун жана жарык берүүлѳрдү иштеп урушу;

  • Кѳрктѳндүрүү жана коомдук транспорттун иштеши;

  • Турмуш-тиричилик калдыктары менен иштѳѳ жана жарнактарды жайгаштыруу;

  • Курулуш жана жерди пайдалануу;

  • Коомдук тартипти коргоо жана эс алууну уюштуруу жана жергиликтүү маанидеги башка маселелер.

Урматтуу шайлоочулар!

Жергиликтүү кеңештердин депуттарына добуш берүү менен Сиз жакынкы 4 жылда Сиздин айылда турмуш кантип уюштуруларын тандап аласыз!

Сиздин тандоо – биздин жалпы келечегибиз!