Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддорунун суммасы жѳнүндѳ КТТ маалыматы (2003-ж. 7.04 абалы боюнча)

09 апреля 2023

КР БШКнын кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоо жѳнүндѳ алдын-ала маалыматтарын берди.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларына ылайык талапкерлер жогоруда аталган жергиликтүү кеңештин депутаттыгына ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүшкѳн учурда ѳздѳрүнүн шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоо үчүн шайлоо фонддорун түзүшкѳн.

Шайлоо фонддорун түзг8ѳн бардык акча каражаттары улуттук валютада «РСК Банк» ААКнын жана «Айыл Банк» ААКнын атайын эсептерине которулган. Бул банкттар талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин тейлѳѳ үчүн БШК тарабынан белгиленген банк мекемелеринин тизмесине киргизилген (08.02.2023 №4 токтом).

Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоого бардыгы болуп 254 депутаттык мандат үчүн 493 талапкер кѳрсѳтүлгѳн. 470 каттоодон ѳткѳн.

«Түндүк» ведомстволор аралык ѳз ара аракеттенүү системасы аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматтарга ылайык, айылдык кеңешке талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебине 2023-жылдын 7-апрелиндеги абалы боюнча 665 054 сом келип түшкѳн, алар жардам берүү түрлѳрү боюнча (кайтарып берүүнү жана тѳлѳмдүн коддорун туура эмес кѳрсѳтүү менен) тѳмѳндѳгүчѳ бѳлүштүрүлгѳн:

 

Жардам берүүнүн түрү

Сумма (сом)

%

55221000 – Талапкердин ѳздүк каражаттары

294870,00

44,34%

55222000 – Саясий партиянын ѳздүк каражаттары

0

0

55223000 – Жеке жактардын ыктыярдуу жардам берүүлѳрү

77109,00

12,0%

55224000 –Юридикалык жактардын ыктыярдуу жардам берүүлѳрү

0,00

0,00%

Тѳлѳмдѳрдүн туура эмес коду

286475,00

43,08%

Кайтарып берүүлѳр (банк реквизиттерин туура эмес кѳрсѳтүү ж.б. байланыштуу)

2600,00

0,4%

Баардыгы

661 054,00

100%

Талапкерлердин шайлоо фонддорунан каражаттарды шайлоо ѳнѳктүгүн ѳткѳрүүгѳ байланыштуу чыгымдарды жабууга 588 292,75 сом сарпаталган, алар:

 

Чыгашалардын беренелери

Сумма (сом)

%

14511900 – Башка салыктык эмес кирешелер( Шайлоо күрѳѳсүн тѳлѳѳ)

442 060,00

75,7%

42151510 Банк кызматтарына

37 541,50

6,4%

46000000 – Жалпынга маалымдоо каражаттарынын кызматтары

6 100,00

1,0%

44001900 – Башка тѳлѳмдѳр

1400

0,2%

Тѳлѳмдѳрдүн туура эмес коду

95791,25

16,0%

55221000 - Кайтарып берүүлѳр (банк реквизиттерин туура эмес кѳрсѳтүү ж.б. байланыштуу)

1400,0

0,2 %

Баары

584 292,75

100,00%

Айылдык кеңештердин талапкерлеринин атайын эсептеринде акча каражаттарынын калдыктары 76 761,25 сомду түзѳт.

Эскертүү: Техникамлык себептер боюнча Айыл банк тарабынан жогоруда кѳрсѳтүлгѳн маалыматтар Ноокат айылдык кеңешине талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарын эсепке албастан берилди.

Маалымат иретинде: Мыйзам нормаларына ылайык, айылдык кеңештин талдапкерлеринин шайлоо фонддору тѳмѳндѳгү акча каражаттарынын эсебинен түзүлңшү мүмкүн:

- талапкердин жеке каражаттарынан, алар 50 000 сомдон ашпоого тийиш;

- жеке жактардын ыктыярдуу жардам кѳрсѳтү9сүнѳн, алардын ар бири 50 000 сомдон ашпоого тйиш;

- юридикалык жактардын ыктыярдуу жардам кѳрсѳтүүсүнѳн, алардын ар бири 50 000 сомдон ашпоого тийиш.

Мында шайлоо фонддорунан каражаттарды чыгымдоонун жогорку суммасы 500 000 сомдон ашпоого тийиш.

БШКнын депозиттик эсебине киргизүү үчүн шайлоо күрѳѳсүнүн суммасы 1000 сомду түзѳт.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын 15-беренесинин 4-бѳлүгүнѳ ылайык тыюу салууга жатпаган жеке жана юридикалык жактар шайлоо фонддорун түзѳ алышат.

 

Талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүү жана чыгымдоо боюнча кыйло кеңири маалыматты БШКнын расмий сайтынан кѳрсѳ болот («талапкер жана партия» маалымат ресурсу/»Жергиликтүү кеңешетрдин депутаттарын шайлоо» (же айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо»)/ Шайлоо фонду).

https://www.shailoo.gov.kg/media/azamat/2023/03/09/srwgzu.pdf

https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_aiyl

БШКнын кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу