Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо орун-жайдан тышкары добуш берүү аяктады
08 апреля 2023
Жакында эле добуш берүү күнү шайлоо участкаларында добуш берүү мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүү болуп ѳттү.
Добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жѳнүндѳ шайлоочулардан бардыгы болуп 153 арыз келип түшкѳн, алардын ичинен: курагы боюнча – 75, майыптыгы боюнча – 15, ооруусу боюнча – 63 арыз.
2023-жылдын 8-апрелинде саат 8.00дѳн 20.00гѳ чейин 144 шайлоочу добуш беришти, бул орун-жайдан тышкары добуш берүүнү каалашкан шайлоочулардын 94,12% түзѳт.
Арыз беришип, бирок добуш бербегендер 9 адам болду, алардын ичинен участкалык шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрү келишкен учурда 3 адам үйлѳрүндѳ жок болушкан, биометрикалык идентификациядан 1 адам ѳткѳн эмес, башка себептер менен 1 адам жок болгон.
Маалымат иретинде: «Жергиликтүү кеңештердин депуттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар, ошондой эле добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалган жайларда камалып турган шайлоочулар, алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жайгашкан жерлерде, мал чарбасынын алыскы участкаларында убактылуу жашаган шайлоочулар орун-жайдан тышкары добуш үчүн шайлоочулардын тизесине киргизилет.
КР БШК маалымат бѳлүмү
