8-апрель – “жымжырт күн”
08 апреля 2023
КР Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда б.а. 2023-жылдын 8-апрелинде саат 8:00дөн тартыпүгүт жүргүзүүгө тыюу салынарын маалымдайт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шайлоо алдында үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат.
Мында мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурдагы орундарында сакталат.
Ошондой эле, үгүт жүргүзүү үчүн БШК тарабынан аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары үгүт жүргүзүүгө укуктары жок.
Шайлоо процессинин катышуучулары тарабынан “жымжырт күнү” бузулган учурда АШК (аймактык шайлоо комиссиялары) бузуучуга карата чара көрүүгө укуктуу.
Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2023-жылдын 9-апрелиндесаат 8:00дөн тартып 20:00гө чейин өтөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү