БШК Базар-Коргон жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди
04 апреля 2023
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 4-апрелиндеги жыйналышында Базар-Коргон жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди.
Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- «Ата-Мекен» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдылазов Кеңешбек Шарапович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Капаров Аллаберген Мантыбаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Мураталиев Алмазбек Тологонович, Шадыканова Нуржан Капаровна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Равиль кызы Нуриза комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Алибекова Нургүл Раевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү А.М., Капаровдун, К.Ш. Абдылазовдун комиссиянын курамынан чыгуу жөнүндө арыздарынын, Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы Н. Равиль кызынын Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгуу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү