КР БШКнын 2023-жылы 27- мартта өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

27 марта 2023

Өткөрүү датасы:  27 - март 2023-ж.

Убактысы: 18:00

Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы

 

1. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын  шайлоодогу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколун,  электрондук добуш берүүнүн протоколун жана жыйынды таблицанын формасын бекитүү тууралуу

(баяндамачыАйтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Б.Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

(баяндамачыАйтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

3. О.В.Стойконун арызы жөнүндө

(баяндамачы Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Сокулук, Жайыл, Кара-Кулжа жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачыАйтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

5. Ар кандай маселелер (С.И. Даут-Ахуновдун арызы жөнүндө)