БШК Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
22 марта 2023
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылы 22-мартта Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдурасулов Майрамбек Хакимжанович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-«Биздин Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абжапаров Замирбек Сабырбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөсү М.Х. Абдурасуловдун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
