КР БШКнын 2023-жылы 4-мартта өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
04 марта 2023
Өткөрүү датасы: 4 март 2023-ж.
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. «Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаардык кеӊештеринин жана Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунун айрым жергиликтүү кеңештердин аймагындагы шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30- январындагы №14 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. «2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каралган сметасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 8-февралындагы №3 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Түп, Ак-Суу, Базар-Коргон жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
5. Ар кандай маселелер
