КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
22 февраля 2023
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 22-февралындагы өткөн жыйналышында Панфилов, Сокулук, Кара-Көл, Сузак жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Чүй облусунун Панфиловка районунун Вознесеновка айылдык кеңешинин депутаты Омуркулова Рима Джолдошовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Султаналиев Максат Султанбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты Стойко Оксана Васильевнанын ыйгарым укуктары жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосуна байланыштуу токтотулду.
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Болгомбеков Асылбек Арстанкуловичтин (№4, «Энергетик» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Касымов Ильхам Рахимовичке (№26,«Энергетик» саясат партиясы) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Чондолоев Таалай Турганбековичтин (№2, «Мекен-Ынтымагы» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Томошов Талгат Жакутбековичке (№7, «Мекен-Ынтымагы» саясат партиясы) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айылдык кеңешинин депутаты Джайчиев Улан Аканбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Бусурманкулов Кайратбек Калысбековичке өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айылдык кеңешинин депутаты Турузбекова Самара Сыртбаевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Султанов Жаныбек Макеновичке өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
