БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти
15 февраля 2023
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 15-февралында өткөн жыйналышында 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек, Көк-Ой айылдык кеңештеринин, Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештеринин, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин, Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кеңешинин, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештеринин жана Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин, Алүмүдүн районун Байтикайылдык кеңешине депутаттарды шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти.
Токтом Жумгал, Баткен, Ноокат, Кара-Суу, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Буура, Жайыл жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүүнү сунуштаган чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү