КР БШК: Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо башталды
09 февраля 2023
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүүгө өтүнмөлөрдү кабыл ала баштады.
Мыйзамга ылайык шайлоону маалыматтык камсыз кылуу жарандардын өз эрк-ниетин аң-сезимдүү билдиришине, шайлоолордун маалымдуулугуна көмөктөшүүчү шайлоочуларга маалымдоону жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин камтыйт. Үгүт жүргүзүү процессине катышуу үчүн ЖМК жана интернет-басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитациядан өтүшү керек.
КР БШК обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен б.а. 2023-жылдын 17-февралына чейин (кошуп алганда) КР БШКга берилүүгө тийиш экендигин эске салат.
Шайлоо алдындагы үгүткө катышууга ниеттенген жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары белгиленген мөөнөттө – 2023-жылдын 17-февралына чейин (кошуп алганда) төмөнкүдөй документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш:
- шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүүнү, анда жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылмасынын жетекчисинин ФААсын, координаттарын жана байланыш маалыматтарын, өздөрүнүн өкүлдөрүнүн тизмесин көрсөтүүсү зарыл;
- жалпыга маалымдоо каражатын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн же жеке ишкердин салык органдарында мамлекеттик каттоо (патент) жөнүндө күбөлүгүнүн (интернет-басылмалар үчүн) көчүрмөсүн;
- маалымат жана массалык коммуникация чѳйрѳсүндѳгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген иш жүргүзүүгѳ уруксат берген документтердин кѳчүрмѳсүн;
- уставдын көчүрмөсүн (эгерде бар болсо);
- обо убактысын, басма аянтчасын жана интернет-басылмаларына жарыялоо укугун бергендиги үчүн наркы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттар жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтар.
Жалпыга маалымдоо каражаты жана интернет-басылма электрондук варианттагы арызда камтылган аталган документтерди Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат бөлүмүнүн электрондук почтасына pr.shailoo@gmail.com жөнөтөрүн КР БШК эске салат.
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына бардык талапкерлерди, каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин б.а. айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо 2023-жылдын 20-мартында башталат.
Ушул шайлоонун өзгөчөлүктөрүн эске алганда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды кабарландыруу жана үгүт жүргүзүүдө аймактардагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу жана катышуусу абдан маанилүү.
КР БШК аймактардагы жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр экендигин билдирет.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
