БШК шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктады

08 февраля 2023

БШК «РСК Банк» ААКты жана «Айыл Банк» ААКты 2023-жылдын 9-апрелине  дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин  депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо үчүн банк мекемелери катары аныктады.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык БШК төмөнкүлөрдү эске салат:

- жарандар айылдык кеңештерге өзүн-өзү көрсөткөн учурдан тартып, өздөрү же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу каттоого шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн шайлоо фонддорун түзөт;

Шайлоо фондун түзүүчү бардык акча каражаттарын банк же башка мекемедеги атайын эсепке которот. Ал эсеп тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын уруксаты менен талапкер, саясий партия тарабынан ачылат.

Каттоо үчүн айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер шайлоо фондунун атайын эсебинен БШКнын депозит эсебине шайлоо күрөөсүн которот. Шайлоо күрөөсүнүн суммасы: айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер үчүн – 1000 сом.

Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

- талапкердин өз каражаттарынын, алар 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

- саясий партия тарабынан бөлүнгөн каражаттарынын, алар 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

- жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын ар бири 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

- юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.

Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен талапкердин чыгымдарынын чектелген суммасы 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.

Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондун түзүү жана атайын эсептерин ачуу жөнүндө кыйла кененирээк маалымат БШКнын расмий сайтында «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясый партиянын шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө» Жободо камтылган.

Талапкерлердин шайлоо фонддорунан келип түшүүсү жана чыгымдалышы боюнча маалыматты Талапкер (Кандидат) порталынан таанышсаңыз болот.

Маалымат алуу үчүн телефон: 0 (312) 66 02 61.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү