КР Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо 2023-жылдын 9-апрелине дайындалды

08 февраля 2023

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы №19 ЖП Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2023-жылдын 9-апрелине дайындалды.

Шайлоо өлкөнүн 5 облусунун 14 айылдык кенешинде өтөт:

- Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айылдык кеңешинде, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинде, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинде, Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинде;

- Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек,  Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештеринде;

- Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек, Көк-Ой айылдык кеңештеринде;

- Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинде, Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинде;

- Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештеринде.

14 айылдык кенештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн 9 АШК жана 52 УШК иштейт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен КР БШКга убактылуу регламенттөө жана башка зарыл болгон чараларды көрүү менен аралыктан, электрондук добуш берүү формаларын,  жабдуулардын модернизацияланган түрлөрүн колдонууну пилоттук режимде апробациялоо мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.

БШКнын чечими менен жергиликтүү кеңеш жана добуш берүү форматы аныкталат. Бул маалымат шайлоочуларга кошумча маалымдалат.

2023-жылдын 9-апрелине дайындалган 14 айылдык кенештин депутаттарын шайлоо боюнча маалымат