БШК Москва жана Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди

29 декабря 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылы 29-декабрда Москва жана Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сагынбаева Нурбара Бусубековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Кыдыралиев Тойаалы Кенжалиевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Зыядбек уулу Бактыяр комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Кулиев Ашыркул Таникулович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Токтом Москва аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Н.Б. Сагынбаеванын Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Б.Зыядбек улуунун каза болгондугуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 19-беренелерине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 6-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү