Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө шайлоочулардын кат жүзүндөгү арыздарын кабыл алуу  аяктады

06 октября 2022

2022-жылы 5-октябрда Майдан айылдык  кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө шайлоочулардын кат жүзүндөгү арыздарын кабыл алуу аяктады.

Жалпысынан 5 УШКнын экөөсүнөн 12 арыз келип түштү. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө шайлоочулардан № 8112 УШКга 8 арыз (анын ичинде: 4 – карылыгы боюнча, 4– оорусу боюнча), № 8195 УШКга 4 арыз (карылыгы боюнча-4) түштү.

Маалымат үчүн: «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участокторуна келе албаган, ошондой эле төмөнкү шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу:

  • добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөн шайлоочулар;
  • алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар.

Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча –

  • добуш берүү күнү калктуу конуштардан алыс жайгашкан жерлердеги аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары,
  • добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери,
  • жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканалардагы иштеген шайлоочулар,
  • вахталык ыкма менен иштеген шайлоочулар.

Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндө ага арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20га чейинки мезгилде жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү