КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
05 октября 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 5-октябрында өткөн жыйналышында Ак-Суу, Ноокат, Жайыл жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айылдык кеңешинин депутаты Бокоева Назгуль Сагалыевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Исаев Төлөгөн Бекташовичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты Муктар уулу Ысактын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдыраимов Сеитбек Жапаровичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Жайыл районунун Красный-Восток айылдык кеңешинин депутаты Доттер Вадим Николаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Чокморова Мооркан Асановнага өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылдык кеңешинин депутаты Усенов Айбек Райкановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Газиев Ильзат Сейдахметовичке өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
