КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
10 августа 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 10-августунда өткөн жыйналышында Таш-Көмүр, Токтогул жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты Дуйшенов Канат Райымбековичтин (№1 «Ынтымак» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Джумаев Асылбек Султаналиевичке (№19 «Ынтымак» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты Ормонов Райымбек Базарбековичтин (№4 «Ынтымак» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Кыдыралиев Жапар Джакыпбековичке (№22 «Ынтымак» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Чынтемиров Бакыт Чынтемировичтин (№2 «Эл-Үмүтү» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Эгембердиев Эрлан Карыпбаевичке (№4 «Эл-Умуту» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Тургунбаев Эркин Эсенбаевичтин (№1 «Ата-Журт Кыргызстан» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Шайлообеков Шахмурат Сыргаковичке (№7 «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин депутаты Жыртакова Астра Сүйүнбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Капарова Айгүл Арпачиевнага өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
