КР БШК эске салат: КР шайлоо мыйзамдарын бузууга күбө болгон шайлоочулар КР БШКнын ЫЧКТсына кайрыла алышат
10 апреля 2022
Бүгүн – 2022-жылы 10-апрелде Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 3 шаардык (Кара-Балта, Таш-Көмүр, Токтогул) жана 13 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтүүдө.
КР Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын эсине салат: эгерде Сиз Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузууга күбө болсоңуз, КР БШКнын Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна (ЫЧКТ) төмөнкү номерлер боюнча кайрыла аласыз:
Кыска номер: 1255,
WhatsApp: 0(990) 02-12-55; 0(502) 00-12-55,
Ишеним телефону: 0(312) 62-62-46,
Коомдук кабылдама: 0(312) 66-02-40,
Электрондук дарек: кgor_cec@shailoo.gov.kg
Айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарын бузууга байланыштуу түшкөн даттануулар Даттануулар жана бузуулар Реестринде - https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-vyborah-deputatov-nekotoryh-mestnyh/ катталат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
