КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

22 марта 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 22-мартында өткөн жыйналышында Сүлүктү, Нарын, Ысык-Ата, Каракол жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Сатторов Руфат Исроиловичтин (№8, «Өнүгүү-Прогресс» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жайнаков Руслан Мажитовичке (№10, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Каза болгондугуна байланыштуу Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айылдык кеңешинин депутаты Богачиев Уланбек Кубанычбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат фермер Шеримбаев Нурбек Шабданбековичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык кеңешинин депутаты Сыйналапов Бекмурат Кубанычбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Риха» ЖК таразачысы Акынов Айдар-Бек Муратбековичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаты Асангулов Азамат Айтбековичтин (№4, «Бирге-Вместе» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Акматов Адилет Кубанычбековичке (№10, «Бирге-Вместе» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылдык кеңешинин депутаты Шабданбеков Айбек Омуракуновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Омуракунова Жамиля Мелисовнага өткөрүп берилди.

Каза болгондугуна байланыштуу Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылдык кеңешинин депутаты Алышбаев Мекен Дуйшенбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Таштандиев Кайратбек Өмурбековичке өткөрүп берилди.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү