КР БШКнын 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосу
08 марта 2022
Урматтуу аялдар!
Жазгы жаркын майрам – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Табият аялдарга сулуулукту жана жан дүйнөнүн назиктигин, акылмандыкты жана чыдамкайлыкты тартуулаган.
Үй-бүлөнүн очогу болуу менен силер кесиптик бийик ашуулардан ашып, илимде, искусстводо, спортто олуттуу ийгиликтерге жетип жатасыздар, ишкерликте ийгиликтерди багындырып, коомдук-саясий турмушка жигердүү катышып келатасыздар.
Тынчтыкты сүйүү, бакубат жашоого кам көрүү сыяктуу мыкты сапаттар үй-бүлө үчүн дагы, мамлекет үчүн дагы өтө маанилүү, ал сапаттар жети өлчөп бир кескен, адамкерчиликке жык толгон чечимдерди кабыл алуунун өбөлгөсү болуп саналат.
Бизге күн сайын көргөн камкордугу, колдоосу, үй-бүлөдөгү жана турмуш-тиричиликтеги маанилүү иштерди аткаргандыгы, жумуштагы кесипкөйлүгү үчүн биз энелерибизге, эже-карындаштарыбызга, кыздарыбызга, курбуларыбызга ыраазыбыз, ошону менен бирге алар биздин жалпы эле бакубат турмушубузду жакшыртуу менен айылдарыбызга, аймактарыбыздын көрктөндүрүлүшүнө, социалдык жактан коргоо жана жардам берүү, финансыбызды жана менчигибизди, анын ичинде жаратылыш ресурстарыбызды башкаруу маселелерине камкордук көрүүсүн каалайбыз.
Урматтуу кыздар, бийкечтер, айымдар, өзүңөргө ишенгиле, өлкөнүн турмушуна жигердүү катышкыла, Кыргызстаныбызды мындан дагы мыкты, ийгиликтүү, дөөлөттүү кылууга жардам бергиле.
Урматтуу аялдар!
Жаздын алгачкы гүлдөрүнүн жаңы жыпар жыты сиңген, ыраазычылыкка жана силердин жакын адамдарыңардын камкордугуна бөлөнгөн майрамыңардын сыйкырлуу чөйрөсү силерди ар дайым курчап турсун! Силерге сүйүү, чың ден соолук, бакубат жашоо, жан дүйнөдөгү шайкештик, жазгы жайдары маанай каалайбыз!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
