БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
07 марта 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 7-мартындагы жыйналышында Сузак, Баткен, Өзгөн, Ноокат жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айылдык кеңешинин депутаты Икрамов Рахмидин Нозимжановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Доктор Элхан” клиникасынын тиш техниги Бахрабаев Искендер Осмоновичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңешинин депутаты Жоробаев Маадали Атамалиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Ирискулов Мадимар Саттаровичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Толипов Абытжандын (№8, «НДПК» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Салиев Бехзод Баходировичке (№13, «НДПК» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ош облусунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Абдурахманов Хатамжан Омаралиевичтин (№11, «НДПК» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Өзгөн райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун стоматологу Дадажанов Исакжан Исраиловичке (№14, «НДПК» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Аматжанов Медетбек Жунусалиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Искендер» дыйкан чарбасынын мүчөсү Маматраимов Бексултан Рустамовичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты Суюнбаев Амирбек Саттаровичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Абдулла» дыйкан чарбасынын мүчөсү Мамасалиев Асан Абдуллаевичке өткөрүп берилди.
Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаты Искакова Макен Садыралиевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Таш-Төбө айылындагы К.Момункулов атындагы орто мектептин мугалими Жуманбеков Анаркул Баяновичке өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
