КР БШКнын Жарандык билим берүү борбору Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу күнүн майрамдоо алкагында акция өткөрдү

03 марта 2022

КР БШКнын Жарандык билим берүү борбору Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу күнүн майрамдоо алкагында акция өткөрдү.

КР БШКнын имаратына кире бериште өлкөбүздүн эгемендигинин символунун пайда болуу тарыхын чагылдырган маалыматтык такталар коюлду.

Мындан тышкары, КР БШК аппаратынын кызматкерлери флешмоб уюштурушту. Бишкек шаарынын эл көп жүргөн көчөлөрүндө жана Ала-Тоо борбордук аянтында шаарлыктарга жана борбордун меймандарына туунун өңүнө окшош кызыл-сары түстөгү шарлар, мамлекет символунун жаралышынын кыскача тарыхын баяндаган куттуктоо открыткалар, ошондой эле бүгүнкү майрамдын символу – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу таратылды.


 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү