БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

25 февраля 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 25-февралындагы жыйналышында Баткен, Кадамжай, Ноокен, Чаткал, Аламүдүн жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаты Маматшарип уулу Бектин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат «Баткен токой чарбасынын» кароолчусу Масейитов Максыт Ымамалиевичке өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут айылдык кеңешинин депутаты Айдаров Шумкарбек Мамадалиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Имат уулу Шумкарбекке өткөрүп берилди.

Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут айылдык кеңешинин депутаты Жолубай уулу Жумадилдин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат «Тең-Сай» окуу борборунун директору Нишанов Элчибек Бактыбековичке өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут айылдык кеңешинин депутаты Жалилова Гулзат Мамасейитовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Калилов Санжарбек Жакыповичке өткөрүп берилди.

Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Гүл айылдык кеңешинин депутаты Турдалиев Алыкул Улукбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Талибаева Марапат Мейлибаевнага өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты Абдурахимов Закиржан Алимжановичтин (№7, «Ынтымак» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Кыргызнефтегаз» ААКтын борборлоштурулган оңдоо-механикалык устаканасынын начальниги Турдалиев Урмат Тургунполотовичке (№29, «Ынтымак» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Ормошев Азаматбек Абдырасуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Радар» ЖЧН нускоочусу Орозбаев Алтынбек Масаловичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айылдык кеңешинин депутаты Усманова Акжолтой Орозакуновнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Кымыналиев Кубанычбек Сапарбековичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Кадырова Назгүл Аманкуловнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Бишкексууканалынын” жумушчусу Есеналиев Ильяз Кубанычбековичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Даркан айылдык кеңешинин депутаты Калысбеков Шерик Калысбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “КумторГолдКомпанинин” кызматкери Муканбетов Толкунбек Зайырбековичке өткөрүп берилди.

Ошондой эле Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен төмөнкү 3 талапкер жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылды:

Эркинбек уулу Асылбек өз арызынын негизинде Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылды;

Амираев Ташбек Мамажанович өз арызынын негизинде Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылды;

Камбаров Акжол Толубаевич өз арызынын негизинде Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү