Бишкек шаарындагы эки округ боюнча КР ЖК депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлер шайлоону мыйзам алкагында өткөрүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту

10 февраля 2022

Бүгүн – 2022-жылы 10-февралда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуучу депутаттыкка талапкерлердин ортосунда Меморандумга кол коюу болуп өттү.

Кол коюуга КР БШК төрагасынын орун басары Т. Шайназаров, Бишкек шаарындагы эки округ боюнча талапкерлер, талапкерлердин ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү, шайлоо комиссияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле жарандык активисттер катышты.

“Кыргызстанда өткөрүлгөн шайлоолордун тарыхына көз чаптырып, бюллетендерди дүңүнөн салуу, административдик ресурсту колдонуу жана шайлоочулардын добушун сатып алуу сыяктуу көрүнүштөр мурда орун алгандыгын айтуу керек. Бүгүн биометрика, шайлоочуларды идентификациялоо, автоматтык эсептөөчү урналарды пайдалануу жаатында шайлоо мыйзамдарын реформалоонун натыйжасында “бир шайлоочу – бир добуш” деген түшүнүккө жетиштик, демек, добуш берүүнүн жыйынтыгы анык жана ачык-айкын аныкталат”, - деди Т.Шайназаров.

КР БШК төрагасынын орун басары Меморандумга кол коюуга катышкандарга теледебаттарды жана жеке чыгып сүйлөөлөрдү өткөрүү үчүн «Бешинчи канал» телеканалында талапкерлерге тең шартта акысыз обо убактысы бөлүнгөндүгүн маалымдады.

Бишкек шаарындагы эки округ боюнча кайра шайлоого катышуучу талапкерлер ортосунда Меморандумга кол коюу эл аралык стандарттарга ылайык демократиялык шайлоо өткөрүүнүн маанилүү кепилдиги болуп саналат.

Меморандум – бул катышуучулары мыйзам алкагында гана аракеттенүүгө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын кыйшаюусуз аткарууга, шайлоо мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин сактоого милдеттенүүчү келишим.

Документке кол коюу менен, талапкерлер өздөрүнө милдеттенме алышты жана төмөнкүлөргө даярдыгын ырасташты:

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын кыйшаюсуз аткарууга, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин сактоого;

шайлоо өнөктүгүн ачык-айкындуулуктун жана өз ара сый-урматтоонун, жарандардын кызыкчылыктары менен укуктарынын артыкчылыктуулугунун, мыйзамдын үстөмдүгүнүн принциптеринде жүргүзүүгө;

талапкерлер жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, саясий оппоненттер менен ачык, жалпы талаш-тартыштарды мыйзамдын негизинде чечүүгө;

шайлоо процессинде этикалык жана моралдык жүрүм-турумду сактоого, булганыч технологияларды пайдаланбай туруп үгүт иштерин жүргүзүүгө, бири бирибизге ак ниет мамиле жасоого;

башка талапкерлердин, беделин жана иштиктүү кадыр-баркын кемсинткен алдын ала жалган маалыматтарга негизделген жарыялоолорду таратпоого;

добуш берүү күнүнө чейин жана добуш берүү күнү шайлоочулардын добуштарын сатып алууга өзүнүн катышуусун жана өз өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын үгүт жүргүзүүчүлөрдүн, туугандарынын, досторунун, тааныштарынын жана башка адамдардын катышуусун болтурбоого, шайлоочуларды сатып алууга каршы бардык чаралар менен күрөшүүгө, анын ичинде укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө;

өздөрүнүн максаттарына жетишүү үчүн административдик ресурстарды пайдаланууну, анын ичинде кызматтык же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдаланууну жокко чыгарууга;

күч колдонуу менен коркутуу, жалаа жабуу, кадыр-баркты жана ар-намысты кемсинтүү же күч колдонууга көкүтүү камтылган маалыматтарды, үгүт жана маалыматтык материалдарды интернет жана башка ресурстар аркылуу расмий же жашырын басып чыгарбоого жана жайылтпоого;

добуш берүү жана добуштарды эсептөө процессинде жарандардын өз эркин билдирүү эркиндигине, добуш берүү жана добуштарды саноо процессине укукка сыйбас таасир көрсөтүүчү ар кандай аракеттерден баш тартууга, добуш берүүнүн жашырундуулугун бузбоого;

бардык шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына карата ачык болуу жана сыйлоо принциптеринин негизинде таза жана акыйкат шайлоолорду өткөрүүгө ар тараптуу көмөктөшүүгө, шайлоо комиссияларына жана укук коргоо органдарына алардын ишине көмөк көрсөтүүгө;

шайлоо өнөктүгүн шайлоого чейинки жана шайлоодон кийинки мезгилде жагымдуу жана тынч атмосфера болушуна көмөктөшкөндөй уюштуруп, өткөрүүгө.

Меморандумда шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө – талапкерлер менен өз ара аракеттешүү үчүн калыс жана ачык болуу, ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарына – бурмалоолорго жана манипуляцияга жол бербестен, адил жана обьективдүү болуу талабы коюлду.

 

№ 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин ортосунда Меморандум

№ 29 Свердлов шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин ортосунда Меморандум

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү