БШК К.Р. Тажибаевдин № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер И.Ю. Карамушкинага карата арызын карады

09 февраля 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 9-февралындагы жыйналышында К.Р. Тажибаевдин № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер И.Ю. Карамушкинага карата арызын карады.

Арызда 31-январда талапкер жана анын командасы Бишкек шаарынын Свердлов районунда үгүттүн белгилери бар үгүт баннерин жайгаштырганы көрсөтүлгөн, арыз ээсинин пикири боюнча бул талапкерлердин арасында тең эмес шарттарды түзөт. Ушуга байланыштуу арыз ээси эртелеп үгүт жүргүзгөндүгү үчүн И.Ю. Карамушкинага карата жоопкерчилик чарасын көрүүнү өтүнөт.

Арызды жана ал боюнча берилген материалдарды карап чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер И.Ю. Карамушкинанын аракеттеринде шайлоо алдында үгүт жүргүзүү тартиби жана эрежелери бузулган белгилерди таба албады, себеби ал үгүт материалы 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо үгүт өнөктүгү мезгилинде «Социал-демократтар» саясий партиясы тарабынан даярдалган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 10 календардык күндүн ичинде тиешелүү аймактарды үгүт материалдарынан тазалоону камсыз кылууга милдеттүү”.

Арызды караган күнгө карата аталган баннер көрсөтүлгөн даректе болгон эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэриясына шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин аймактарды үгүт материалдарынан тазалоону камсыз кылуу жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын талаптарын аткаруу зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алып, кайрылууну Бишкек шаарынын мэриясына жөнөттү.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү