БШКга № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 1 арыз түштү
09 февраля 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 9-февралындагы жыйналышында № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тилектешов Улукбек Тилектешовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө арызын карап чыгып, аны эске алуу жөнүндө чечим кабыл алды.
Чечим № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер У.Т. Тилектешовдун шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 2022-жылдын 9-февралындагы арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 61-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
